Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коркок, өтүмү жок, кайратсыз. Болуптур эмесе, жүрөгү жок коркоктор (Каимов). Жүрөгү жок кургандар, Качып берип сайдырар («Эр Табылды»). – Айрөк, айрөк, кыз менче жүрөгү жок, балбан туруп (Бейшеналиев). 2. Ырайымсыз, таш боор. – О, – о журт, ансыз да бөлүнүп-чабылып бүттүк. Бу жүрөгү жок канкорлор элдин убалынан коркобу? Абайлап, аялдагыла. Анан көрө жатаарбыз (Бейшеналиев).